АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IV сессиясы”
2025-жылдын 18-февралындагы № 4/18
“Ак-Суу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планы 2025-2029-жылдарга бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 16.09.2024- жылдагы №198 сандуу буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун иштеп чыккан 2025-2029-жылдарга Ак-Суу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) айыл өкмөтүнүн башчысы К. Сулайманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ак-Суу айыл аймагынына 2025-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы (СЭӨП) бекитилсин (тиркеме тиркелет).
- Социалдык-экономикалык өнүгүү планы (СЭӨП) аткарылган иши боюнча үч айда бир жолу маалымат берип туруу Ак-Суу айыл аймагынын айыл өмөтүнүн башчысы К. Сулайманкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчунө кирет:
- Ушул токтом расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага М.Шаршеналы уулу