Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 48
Электромобилдерди кубаттоочу станцияны жайгаштыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин көмүртектүү нейтралдуулукка жетишүү боюнча кабыл алынган чечимдерин, ошондой эле А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын ишке ашыруунун алкагында А.Масалиев айыл аймагынын Кара-Дөбө айылында электромобилдерди кубаттоочу станцияны жайгаштыруу үчүн болжол менен 100 (жүз) чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жер тилкесин бөлүп берүү боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу жана документтерди тариздөө иштери А. Масалиев айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Жер тилкеси көрсөтүлгөн максатта гана пайдаланылып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптары так сакталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев