Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 49
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августу ПЖ № 266 Жарлыгынын талаптарына ылайык эмгек акыны 30 (отуз) пайызга жогорулатууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана айылдык кеңештин кызматкерлеринин эмгек акысын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августу ПЖ № 266 Жарлыгынын талаптарына ылайык 30 (отуз) пайызга жогорулатууга макулдук берилсин.
2. Эмгек акыны жогорулатууга байланыштуу чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин бекитилген каражаттарынын чегинде каржылоо камсыз кылынсын.
3. Зарыл болгон учурда жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына жана башкы бухгалтерге жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев