Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IX сессиясы”

 

2025-жылдын  13-октябрындагы № 9/53     

 

“Дача-Анар аймагындагы жер тилкесин коммерциялык багытка трансформациялоо жөнүндө”

 

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айыл аймагындагы “Дача-Анар” аймагында жайгашкан жолдун жээгиндеги 10 гектар жер тилкесин коммерциялык багытка трансформациялоо маселеси каралып, айыл аймагында ишкердикти өнүктүрүү, соода жана тейлөө борборлорун куруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана тиешелүү мыйзам актыларына ылайык, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Дача-Анар” аймагындагы жолдун жээгиндеги 10 (он) гектар жер тилкесин коммерциялык багытка трансформациялоого макулдук берилсин.

 

2.    Бул токтомдун негизинде тиешелүү долбоордук жана техникалык документтерди даярдоо, ошондой эле мыйзам ченемдерине ылайык тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштери айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин айылдык кеңештин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.

 

 

Төраганын убактылуу

милдетин аткаруучу А.Кузебаев