Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 50
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилип, А.Масалиев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы №2 жана №11 токтомдоруна толуктоо киргизүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилип, А.Масалиев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы №2 жана №11 токтомдоруна толуктоо киргизилсин.
1. айыл чарба жерлеринин жоготуусуна – 648 213 сом;
2. эстелик орнотууга – 500 000 сом;
3. Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүүгө – 200 000 сом;
4. долбоорлорду (проекттерди) каржылоого – 500 000 сом;
5. көчөлөрдү жарыктандыруу иштерине – 1 500 000 сом.
6. Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык
мекемесине – 50 000 сом
7. Айылдык кеңештин депутаттарыны башка облус менен тажрыйба алмашууга жөнөтүү үчүн – 200 000 сом.
8. А.Масалиев айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү күз-кыш мезгилине карата көмүр менен камсыз кылууга – 400 000 сом.
9. Лизинг жолу менен «Исфайрам» муниципалдык ишканасына техникаларды сатып алууга – 1 000 000 сом.
10. Таш-Какыр, Разъезд айылдарына таза суу түтүктөрүн тартууга ДСД (долбоордук – сметалык документациясы) даярдоого – 1 313 000 сом.
2. Жалпы бөлүнүүчү акча каражаты 6 311 213 (алты миллион үч жүз он бир миң эки жүз он үч) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысына жана башкы бухгалтерге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев