Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 51
А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу «Исфайрам» муниципалдык ишканасына атайын техникаларды лизинг жолу менен сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, ошондой эле калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, аймактын санитардык абалын жакшыртуу жана муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу «Исфайрам» муниципалдык ишканасына төмөнкү атайын техникаларды лизинг жолу менен сатып алууга өздүк салым жана иш кагаздарын даярдоого 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп макулдук берилсин:
· мусоровоз – 1 даана;
· «HOWO» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа – 1 даана;
· экскаватор – 1 даана.
2. Лизинг келишимин түзүүдө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптары так сакталсын.
3. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысына:
· лизинг берүүчү финансылык мекеме менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
· мыйзамдарга ылайык тиешелүү келишимдерди түзүү;
· лизинг төлөмдөрүн жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн жана муниципалдык ишкананын кирешелерин эске алуу менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылсын.
4. «Исфайрам» муниципалдык ишканасы алынган техникаларды максаттуу пайдаланууну, алардын сакталышын жана натыйжалуу иштетилишин камсыз кылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев