Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IX сессиясы”
2025-жылдын 13-октябрындагы № 9/55
“Анар Плюс ЖЧКсы жана Азия Нур ЖЧКсынын көмүр казуу ишине макулдук берүү маселеси жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагынын Анар жана Балапан-Сай аймагында көмүр казуу иштерин жүргүзүү ниетин билдирген “Анар Плюс” ЖЧКсы жана “Азия Нур” ЖЧКсынын кайрылуусун карап чыгып, айылдын экологиялык абалына жана калктын коопсуздугуна тийгизе турган таасирин эске алып, ошондой эле жеринде абалды так аныктоо зарылдыгына байланыштуу, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Анар Плюс” ЖЧКсына жана “Азия Нур” ЖЧКсына көмүр казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берилбесин.
2. Көрсөтүлгөн ишмердүүлүккө байланыштуу кырдаалды жеринен изилдеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлсүн.
3. Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары жана тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү киргизилсин.
4. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин айылдык кеңештин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.
Төраганын убактылуу
милдетин аткаруучу А.Кузебаев