Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 52
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагында катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу кызматы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» мыйзамдарына, ошондой эле айыл аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана «Исфайрам» муниципалдык ишканасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу максатында, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык турак жай ээлери жана жашоочулары катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча «Исфайрам» муниципалдык ишканасы көрсөткөн кызмат үчүн белгиленген тарифке ылайык төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө милдеттүү деп белгиленсин.
2. «Исфайрам» муниципалдык ишканасы:
· калктан таштанды үчүн төлөмдөрдү мыйзамда белгиленген тартипте жыйноону;
· таштандыларды белгиленген график боюнча үзгүлтүксүз ташып чыгууну;
· көрсөтүлгөн кызмат боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Айыл өкмөтүнө караштуу айыл башчылары жана тиешелүү кызматкерлер:
· калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
· ар бир үй чарбасынын таштанды чыгаруу кызматына камтылышын камсыз кылууга көмөк көрсөтүшсүн.
4. Белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн төлөмдөрдү өндүрүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет жана социалдык, мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев