Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 54
Кадамжай райондук прокуратурасынын 2026-жылдын 17-июлундагы №Ис26/148-07-11-7-01871 сандуу сунуштамасын кароо жөнүндө
Кадамжай райондук прокуратурасынын 2026-жылдын 17-июлундагы №Ис26/148-07-11-7-01871 сандуу сунуштамасы угулуп, талкууланып, Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексинин 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, ошондой эле жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай райондук прокуратурасынын 2026-жылдын 17-июлундагы №Ис26/148-07-11-7-01871 сандуу сунуштамасы көңүлгө алынсын.
2. 27.04.2009-жылы туулган Бадридинов Абдурахман Сайфидинович жана 18.08.2008-жылы туулган Рахманова Сохибахон Расулжановна Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексинин 5-беренесине ылайык жетим балдардын категориясына кирери эске алынып, макулдук берилсин.
3. А.Масалиев айыл өкмөтүнө:
· аталган жарандардын турак жайга болгон укуктарын камсыз кылуу боюнча мыйзамдарда каралган чараларды көрүү;
· аларды турак жайга муктаж жарандардын тизмесине мыйзам талаптарына ылайык киргизүү маселесин кароо;
· тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте алардын турак жай укуктарын ишке ашыруу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
4. Айыл өкмөтү көрүлгөн чаралар жөнүндө белгиленген тартипте Кадамжай райондук прокуратурасына маалымат берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Масалиев айылдык кеңешинин социалдык маселелер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев