Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы
2026-жылдын 30-июлу № 53
Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү жана көп жылдык мөмө-жемиш бактарын өстүрүү үчүн берилген жер аянттарынын ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген «Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүмүн жүргүзүү үчүн берүү жөнүндө» жобого ылайык, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү, асылдуулугу төмөн жайыттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген «Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүмүн жүргүзүү үчүн берүү жөнүндө» жобого ылайык, А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы көп жылдык мөмө-жемиш бактарын өстүрүү үчүн өздөштүрүүгө ижарага берилүүчү жер аянттарынын ижара акысынын өлчөмү жылына 1 (бир) гектар үчүн 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Аталган ижара акысы жерди пайдалануу боюнча түзүлгөн ижара келишиминин негизинде жыл сайын төлөнсүн.
3. А.Масалиев айыл өкмөтүнө:
· жер аянттарын мыйзам талаптарына ылайык ижарага берүү иштерин уюштуруу;
· ижара келишимдеринде ушул токтом менен бекитилген ижара акысынын өлчөмүн көрсөтүү;
· ижара акыларынын өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Галботоев