АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясы”
2025-жылдын 4-апрелиндеги № 5/30
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы мингич ат жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сулайманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ак-Суу айыл өкмөтүн балансындагы, Ак-Сай айыл башчысы М.Кутбаевдин карамагындагы мингич ат картайып калгандыгына байланыштуу сатып ордуна мотоцикл сатып алуу жагы каралсын.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин Агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Ашыралиевке жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу