АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IX сессиясы”
2025-жылдын 13-октябрыдагы № 9/54
Балапан-Сай аймагындагы 6 гектар жер тилкесин өнөр жай багытына трансформациялоо жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунуш жана “Балапан-Сай” аймагындагы 6 (алты) гектар жер тилкесин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү маселеси талкууланды.Аталган участокто чакан жана орто ишканаларды, ошондой эле жергиликтүү ресурстарды кайра иштетүүчү өндүрүш объекттерин жайгаштыруу сунушу каралды. Бул кадам айыл аймагында жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.Талкуу жыйынтыгында депутаттар жер тилкесинин өндүрүштүк жана инвестициялык потенциалын эске алуу менен трансформациялоо демилгесин колдоону туура деп табышты. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Трансформациялоо иши учурдагы жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнө тиешелүү мекемелер менен бирдикте жерди каттоо жана пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча укуктук жана техникалык документтерди даярдоо тапшырылсын.
3. Бул жер тилкесинде келечекте чакан жана орто өндүрүш ишканаларын, кайра иштетүү объекттерин, сактоо жана тейлөө борборлорун куруу мүмкүнчүлүгү каралсын
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин айылдык кеңештин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.
Төраганын убактылуу
милдетин аткаруучу А.Кузебаев