АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясы
2025-жылдын 1-августундагы № 7/40
Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Бюджет кодексине ылайык, айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча маалыматын угуп чыгып, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин экинчи жарым жылдыктагы аткарылышын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды күчөтсүн.
- Айылдык кеңештин сунуштары, анын ичинде социалдык инфраструктураны жакшыртуу, жолдорду оңдоо жана экономиканы колдоо боюнча чаралар толук эске алынсын.
- Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин 70629 “Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмүнүн 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” беренесинин чыгаша бөлүгүнөн 2 300 000 (эк миллион үч жүз миң ) сом акча каражаты чыгарылып, 70629 “Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмүнүн 2511 “Каржылык эмес мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга субсидиялар” беренесинин чыгаша бөлүгүнө отургузулсун.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу