АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын X сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы № 10/57
Артыкчылыктуу долбоорду жана өздүк салымды бекитип берүү жөнүндө
“Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы №20 токтомунун 2-тиркемесине ылайык, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн сунушун эске алуу менен Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансына автогрейдер LiuGong CLG4140D сатып алуу” долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
- Долбоорго өздүк салым катары Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 4408071251007540 өздүк эсебинен 3112 беренесинен 2 138 400 сом бекитилсин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж. Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.
Тɵрага М. Шаршеналы уулу