Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №6
“Элдерди жазгы жайытка көчүрүү, көчүрүп келүү жана
мал башына алынуучу жайыт акы жөнүндө”
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт адиси К.Сыдыковдун жакынкы жана алыскы жайыттар боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элдерди жакынкы жана алыскы жайыттарга көчүрүү 2025-жылдын 20-апрелинен 1-майына чейин жана көчүрүп келүү 29-августка деп бекитилсин.
2.Мал башына алынуучу жайыт акы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3.Айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга жана Көк-Булак, Чымчык-Жар участкаларына эгилген эгиндерди, чөп орокторду кароо үчүн кароолчулар шайлансын.
4.Эгиндерге, чөп орокторго түшкөн мал жандыктарына 500 (беш жүз) сомдон, экинчи ирет түшсө 1000 (бир миң) сомдон, үчүнчү ирет түшсө бузуулар мыйзамы боюнча жоопкерчиликке тартылат. Алынган айып акчалар кароолдордун миңген атына, жем чөп алууга жумшалсын.
5.Камалган мал жандыктары видео сүрөттөргө тартылып, вотсап аркылуу айыл айылдардагы группаларга камалган күндөн баштап жарыялары жөнөтүлүп турсун жана өлүп калса кароолчулар жооп берет, сөзсүз каттоо журналы жүргүзүлсүн.
6.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл
аймагыны айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго
милдеттендирилсин.
7.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция
органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.
Төрага |
К.Кушбаков |