Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги
IV сессиясынын
2025-жылдын 29-апрелиндеги №1
Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Кыз-Көл айыл аймагындагы тургундарынын элдик жыйындарындагы протоколдорун карап, айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн төмөндөгү жарандарга Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
• Сейдалиев Туголбай Мейманбаевич Кара-Булак айылы
• Наримбетов Талант Заттарбекович Карак-Булак айылы
• Азимбаев Малик Сары-Булак айылы
• Раимканова Турсунай Алимовна Кара-Булак айылы
• Нурпаизов Элжигит Оморбекович Карамарт айылы
• Аблакимова Апалхан Абдувалиевна Ак-Тоок айылы
• Шүкүров Түгөлбек Сүйүнбекович Кызыл-Кыя айылы
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
К.Кушбаков |