Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги
IV сессиясынын
2025-жылдын 29-апрелиндеги №2
Ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылынын жана Жаңы-Айыл участкасынын аралыгындагы көчөгө маркум Мамбеталиев Кебектин ысымы ыйгарылсын.
2.Көчөнүн аталышын билдирген атайын көрсөтмөнү орнотуу, катар номерлерин жасатып илүү жана жолду оңдоо иштерин жасоо жагы маркумдун балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |