Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги
IV сессиясынын
2025-жылдын 29-апрелиндеги №3
Улуттук аламан ат оюндарынын
эрежелерин жөнгө салуу жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу 14 (он төрт) айылынын тургундарынын элдик жыйынынын протоколунун негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Улуттук аламан ат оюнун өткөрүүчү маарекенин ээси Кыз-Көл айыл өкмөтүнө келип, кайрылуу жазып, каттоодон өткөзүлсүн, коопсуздук жагын, музыкалык аппараттар, дрон, видео камера менен камсыздап бергендиги үчүн айыл өкмтуно 10 000(он миң) сом өлчөмүндө акча каражаты төлөнүп берилсин.
2.Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдан 2 (эки) ден жаран калыстар тобуна көрсөтүлсүн.
3.Көрсөтүлгөн калыстар тобунан 5 (беш) адам өткөзүлүүчү аламан ат оюндарында калыстык кылышсын.
4.Эр эңиш, кыз куумай, байге, тыйын эңмей жана башка улуттук оюндар өз эрежеси менен өткөрүлүүсүн жана көзөмөлдөө жагы жогорудагы калыстарга жүктөлсүн.
5.Спорттук: воллейбол, воскетбол, күрөш, шахмат, ордо жана башка оюндарды өткөрүү жагы Кыз-Көл айыл өкмөтү менен биргеликте С.Жапарбаев атындагы спорт мектебине жүктөлсүн.
6.Өткөрүлгөн оюндарды эрежелери менен өткөрүү, талаш-тартыш маселелерин жаратпоо максатында С.Жапарбаев атындагы спорт мектебине милдеттендирилсин.
7.Жогорудагы иш чараларды өткөрүүдө музыкалык аппараттар, дрон, видео камера жана башка каражаттар менен камсыз кылуу жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
8.Аламан улактын эрежелери:
-улакта торпоктун жана топоздун салмагы 55кг ашпоосу зарыл.
-жипке байлоо жана тээк, үзөнгү, көпчүк бастырмай колдонулбасын.
-топ болгон учурда аттын үстүнөн жана жөө түшүп барып, жерден улакты
көтөрүп берүүгө тыюу салынсын.
-топ учурунда ат жыгылганда, ат чапчыганда жана кооптуу учурларда
калыстардын белгисин угуп, токтотулсун.
-жөнү жок ызычуу чыгарып, калыстардын айтканын укпаган чабандестерге
оюндан четтетүү шарттары каралсын.
-1-шарты сары түстөгү эскертүү баракчасы берилсин жана 14 күн ат оюндарына
катышуудан четтетилсин.
-2-шарты кызыл түстөгү баракчасы жогоруда айтылган эрежелерге баш ийбей,
ызычуу жаратып, сөгүнүп, урушкан учурда берилсин, 90 күн ат оюндарына
катышуудан четтетилсин жана укук бузуулар боюнча админстративдик
жоопкерчиликке тартылсын.
9.Айыл ичиндеги майда “Көк бөрү” ат оюндарын өткөрүү учурунда айылдардын айыл башчылары, айыл бийлери жана жаштар менен биргеликте уюштурулсун жана көзөмөлгө алынсын.
10.Жогоруда аталган аламан ат оюндары жана “Көк бөрү” оюндары белгиленген аянттарда өткөрүлсүн. Өткөрүлө турган жер аянттарын тактап, камсыздап берүү жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
11.Жогорудагы токтомдун негизинде айылдын уставы кабыл алынсын, кемчиликтери уставдын ичине камтылсын.
12.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
13.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
14.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
15.Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |