АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясы
2025-жылдын 1-августунун № 7/41
Айыл чарба багытындагы жайыт жерлердин пайдалануу багытын көп жылдык мөмөлүү бакка өзгөртүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусуна өткөрүү жана ижарага берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жана Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу
типтүү жобого ылайык, ошондой эле айыл тургундары тарабынан ижарага алып, жашылдандыруу максатында убактылуу колдонулуп келген жерлердин натыйжалуу пайдаланылышын жана айыл аймагынын өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында жер адистин билдирүүсүн угуп талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы төмөнкү айыл чарба жерлеринин пайдалануу багыты айыл чарба жерлеринин көп жылдык мөмөлүү бактар түрүнө которулсун.
- Максаттык багыты которула турган жер тилкелеринин тизмеси жана маалымат ушул токтомдун тиркемеси катары бекитилет. (Тиркеме тиркелет)
- Максаттык багыты которулгандан кийин жер тилкелери Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерине калтырылсын.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнө төмөнкү милдеттер жүктөлсүн:
- Жердин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү мамлекеттик
органдар менен макулдашуу жүргүзүү;
- Жерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- Аукцион өткөрүү жана ижара келишимдерин түзүү.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу