Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги
IV сессиясынын
2025-жылдын 29-апрелиндеги №4
Ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54- Жарлыгынын негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинде 2022-жылдын 5-августунда чыгарылган №1-токтомун карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Улуттук каада-салттарды, маарекелерди өткөрүүдө ыксыз чыгымдарды кыскартуу максатында төмөнкүлөргө чектөө киргизилсин.
-Маркумду акыркы сапарга узатууда көп сандаган мал союлбасын, дасторконго
коюлуучу салат, кургак жемиштер, мөмө жемиштер, ар кандай суусундуктар
коюлбасын.
-Сарпай кийгизүү, севет көтөрүү жөнгө салынсын.
-Үйлөнүү тойлорунда, бешик тойлордо, өкүл атанын сарпай кийгизүү, севет
киргизүүсү чектелсин.
-Үйлөнүү тоюнда машиналардын саны 3төн ашырылбасын.
-Ар бир айылдан шайланган бийлер айыл өкмөтүндө катталсын.
-Жер-жерлерде өтүлүүчү маарекелер бийлердин башкаруусунда өткөрүлсүн.
2.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |