Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги
IV сессиясынын
2025-жылдын 29-апрелиндеги №5
Жаштар арасында кылмыштуулукту жоюу жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу тургундарынын Элдик жыйынынын протоколунун негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаштар арасында кылмыштуулуктун, мектеп рекетчилигинин алдын алуу, жаштар менен иш алып барууну күчөтүү, жаштардын билимге кызыгуусун артыруу максатында төмөнкүлөр боюнча иш алып барылсын.
-Ата-эненин жоопкерчилиги күчөтүлсүн;
-Укук коргоо органдары менен биргеликте түнкү көзөмөл бир айда эки жолу
жүргүзүлсүн;
-Айылдардагы мектеп окуучулар арасында спорттук оюндарды өткөрүп туруу
жагы мектеп жетекчилерине жана С.Жапарбаев спорт мектебине жүктөлсүн.
2.Мектеп жашындагы жаш өспүрүмдөрдү интернет оюндарынан чыгаруу максатында ата-энелерге баланын телефондо отуруу убактысына чектөө сунушталсын.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
6.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |