ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
2025-жылдын 28-октябрындагы №154
«Каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүм башчысынын тогуз айлык маалыматы жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык жана социалдык- өнүгүү маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Суванованын Терек-Сай айыл аймагында тогуз ай ичинде аткарылган жумуштар жөнүндөгү берген маалыматын карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Суванованын Терек-Сай айыл аймагында 2025-жылдын тогуз айы ичинде аткарылган жумуштар жөнүндөгү берген маалыматы “жакшы” деп табылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин туруктуу комиссияларына
жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |