Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
V сессиясынын
2025-жылдын 28-майындагы №1
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115 беренесине ылайык Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовдун маалыматтын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине ААБ алкагында кыскарган штат бирдиктери үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек кодексине ылайык өз убагында компенцациялык төлөмдөр төлөнбөй калгандыктан, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Жалал-Абад облустук филиалынын эмгек техникалык инспекциясынын 08.04.2025- жылдагы №05 катына ылайык аталган кызматкерлердин компенцациялык төлөмдөрүн төлөө үчүн 2025-жылдын 1-январына калган эркин калдыктан проектилерди колдоого каралган 1000,0 миң сом жана күтүлбөгөн чыгымдар эсебинен 72.5 миң сом башкаруу бөлүмүнүн 2215 беренесинен кыскартылсын.
2.Кыскартылган каражат эсебинен Аймактык территориялдык реформанын негизинде кыскарган кызматкерлерге компенцациялык төлөмдөрдү төлөө үчүн башкаруу бөлүмүнүн эмгек акыга фондуна 424,3 (төрт жүз жыйырма төрт миң үч жүз) сомго жана социалдык фондуга чегерүүгө 73,2 (жетимиш үч миң эки жүз) сомго,Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө музакалык аппарат жана учуучу камера алуу үчүн 701- бөлүмдүн 3112 беренесине 300,0 (үч жүз миң) миң сомго, Карамарт айылындагы №32 А.Жапарбаев атындагы мектептин жайкы спорт аянтчасынын тегерегин тосууга жана аянтчасынын жерине резина төшөө үчүн 709-бөлүмдүн 3111 беренесине 150,0 (бир жүз элүү миң) миң сомго, видео көзөмөл орнотуу үчүн 709 бөлүмдүн 3112 беренесине №62 К.Бакиев атындагы мектепке 62 ,0 (алтымыш эки миң беш жүз) миң сомго жана №87 “Келечек” атындагы мектепке 62,0 (алтымыш эки миң беш жүз) миң сомго жалпы 1072,5 миң сомго жылдырылсын.
3.Республикалык каражат эсебинен ген план түзүү үчүн келген 4182,4 миң сом акча каражаты башкаруу бөлүмүнүн 2215 беренесине көбөйтүлсүн жана аны максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу “Жоогазын” балдар бакчасында балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу ата-энелер төлөмү эсебинен планга кошумча 214,5(эки жүз он төрт миң беш жүз) сом акча каражаты, көбөйтүлүп берилсин.
5.2025- жылга бекитилген бюджеттин чыгашаларына өзгөртүү киргизүү Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
6.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвистиция, ишкердик, транспорт,кызмат жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
9.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |