Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
V сессиясынын
2025-жылдын 28-майындагы №3
Ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылынын ”Кайың” участкасынан баштап “Текечер” участкасына чейинки овто жолуна Абдраманов Тешенин ысымы ыйгарылсын.
2.Жолду оңдоо иштерин жасоо жагы маркум Абдраманов Тешенин балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке
жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |