Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезекcиз XIII-сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 100
Кулунду айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жеринен турак жай куруу үчүн жер тилкесин ажыратуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы №117 Турак Жай кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин төрагасы К. К. Ташиевдин тапшырмасынын негизинде Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Жумабай уулунун маалыматын угуп, айылдык кеңештин кезектеги ХIII сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап талкуулап, Кулунду айылдык кенеши ХIII сессиясынын отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кулунду айылынын тургуну үч эм кыздардын, жалпы алты баланын атасы Каныбек уулу Кошалиге Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылындагы калктуу конуш багытына которулган (трансформация) болгон жеринен жаңы курулган үйлөрдүн катарынан 0,10 га жер тилкеси турак жай куруу үчүн ажыратылып берилсин. 2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. |
Төрага | А.А.Досов |