Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
V сессиясынын
2025-жылдын 28-майындагы №4
Амортизациялык чыгымдарды бекитүү жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Супатаевдин макулдашуу кагазы менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагына караштуу муниципалдык ишканасынын Беларусь 89,2 тракторунун чыгымы 1мото саатка 2772(эки миң жети жүз жетимиш эки) сом жана Фронтальный погрузчик RONGWEI ZI9039E чыгымы 1мото саатка 3554(үч миң беш жүз элүү төрт) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине
жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |