Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
2025-жылдын 28-октябрындагы №156
«Терек-Сай айыл аймагына караштуу курулуштарга техникалык көзөмөлдөөчү адисин жалдоо үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Исраиловдун айыл аймакка караштуу мекемелердеги курулуш иштерине көзөмөл жасап турууга көзөмөлдөөчү адис алуу үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мекемелердеги курулуш иштерин көзөмөлдөө үчүн көзөмөлдөөчү адис жалдоого: “Келечек” балдар бакчасына кошумча корпус курууга 328 810 (үч жүз жыйырма сегиз мин сегиз жүз он) сом, Кызыл-Токой айылындагы чон унаалар өтүүчү көпүрөнүн капиталдык ремонтуна 235 500 (эки жүз отуз беш мин беш жүз) сом, Шекафтар айылындагы стадионго ынгайлуу шарттарды түзүү жумуштарына 399 194 (үч жүз токсон тогуз мин бир жүз токсон төрт) сом, Ак-Терек айылындагы чон селкананын жээктерин бекемдөө жумуштарына 93 537 (токсон үч мин беш жүз отуз жети) сом, Ак-Терек айылындагы аймактык ооруукананын айыл аймакка тиешелүү корпусуна капиталдык ремонт жасоо жумуштарына 53 860 (элүү үч мин сегиз жүз алтымыш) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |