Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезекcиз XIII-сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 103
“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Жумабай уулунун маалыматын угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылынын чыгыш тарабындагы №101 контурундагы 1,32 га кысыр аңыз жер, №102 контурундагы 0,05 га таштуу жайыт жер, №103 контурундагы 8,63 га таштуу жайыт жер жалпы аянты 10,0 га таштуу жайыт жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан бак түрүндөгү “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |