Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезекcиз XIII-сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 104
“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-14-беренесине ылайык, Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Жумабай уулунун маалыматын угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын отурумунун №13 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 6-пунктунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кулунду айыл аймагынын Куру-Сай участкасынын №454 контурундагы короо жайды “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) жана убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин. 2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 3. Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. |
Төрага | А.А.Досов |