ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
2025-жылдын 28-октябрындагы №157
«Терек-Сай айыл аймагынын алдындагы “Терек-Сай” муниципалдык ишканасында жумуштардын үзгүлтүккө учурабашы үчүн күйүүчү май сатып алууга жана штат бирдигин кенейтүү максатында кошумча каражат карап берүү жөнүндө »
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Терек-Сай” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ж.Жолдошбековдун 2025-жылга тендер аркылуу алынган күйүүчү майдын толугу менен колдонулуп, түгөнгөндүгүнө байланыштуу , жумуштардын үзгүлтүккө учурабашы үчүн кошумча күйүүчү май сатып алууга жана штат бирдигин кенейтүү үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Терек-Сай” муниципалдык ишканасында 2025-жылга тендер аркылуу алынган күйүүчү майдын толугу менен колдонулуп, түгөнгөндүгүнө байланыштуу , жумуштардын үзгүлтүккө учурабашы үчүн кошумча күйүүчү май сатып алууга жана Сумсар орто мектебинин, Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин балдарды ташуучу техникасын айдаган айдоочулары “Тазалык” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигине киргизилүү менен эмгек акыларын карап берүү үчүн 3 000 0000 (үч миллион) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |