Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
2025-жылдын 28-октябрындагы №158
«Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жаны имарат салууга проект-смета даярдоо үчүн каражат карап берүү жөнүндө »
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Исраиловдун Терек-Сай айылы “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялык аянтына кирип калгандыгына байланыштуу, тургундарды акырындык менен көчүрүү жумуштары башталгандыктан, Терек-Сай айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүнүн мекемесин зарылчылыкка байланыштуу Ак-Терек айылына көчүрүү үчүн смета-проект даярдатууга акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Сай айылы “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялык аянтына кирип калгандыгына байланыштуу, тургундарды акырындык менен көчүрүү жумуштары башталгандыктан, Терек-Сай айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүнүн мекемесин зарылчылыкка байланыштуу Ак-Терек айылына көчүрүү үчүн смета-проект даярдатууга 1 500 000 (бир миллион беш жүз мин) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |