Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
VI сессиясынын
2025-жылдын 8-августундагы №1
“Калктуу конуштардагы жана айыл
чарба багытындагы эмес жер участоктору
боюнча колдонулуучу зоналдык коэффиценттер
жана нарктык зоналарын бекитүү жөнүндө”
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык боюнча адисинин сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэффиценттер жана нарктык зоналары 1,3% , 13 сомдон деп бекитилсин.
2.Атталган токтомдун ишин алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн салык боюнча адиси Н.А.Мырзабековага жүктөлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |