Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы №160
«Чаткал районунун 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө каражат карап берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги №236 тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 18-июнундагы № 123-б буйругундагы “ 2025-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук, ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги юбилейлик иш-чаралар” тизмегин аткаруу үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2025-жылдын декабрь айында өткөрүлүүчү Чаткал районунун 90 жылдык мааракесин жогорку денгээлде уюштуруп жана өткөрүү боюнча Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 24-ноябрындагы №333-т тескемесин аткарууга алуу максатында Терек-Сай айыл аймагынын башчысы К.А.Исраиловдун 24-ноябрдагы №01-23/6141 сандуу катын карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X-чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын декабрь айында өткөрүлүүчү Чаткал районунун 90 жылдык мааракесин жогорку денгээлде уюштуруп жана өткөрүү үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 24-ноябрындагы №333-т тескемесин аткарууга алуу максатында 3 015 000 (үч миллион он беш мин ) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |