ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы №161
«Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар маданият үйүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар айылдык маданият үйүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн 2026-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) грантка даярдалган долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын карап берүү жөнүндөгү каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т. Суванованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек- Сай айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар айылдык маданият үйүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн 2026-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) грантка даярдалган долбоорго өздүк салым үчүн пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен 12 579 673 (он эки миллион беш жүз жетимиш тогуз мин алты жүз жетимиш үч) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |