Редакцияот 26.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

 

  2025-жылдын 26-ноябрындагы №162

 

«Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылдык маданият үйүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө »

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылдык маданият үйүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн 2026-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) грантка даярдалган долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын карап берүү жөнүндөгү каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т. Суванованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап , Терек- Сай айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылдык маданият үйүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн 2026-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) грантка даярдалган долбоорго өздүк салым үчүн пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен 4 739 087 (төрт миллион жети жүз отуз тогуз мин сексен жети) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Терек – Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

               Абибакир у. Ж.