Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
VI сессиясынын
2025-жылдын 8-августундагы №3
Катыраңкы айылынын тургуну
Асанова Жылдызга материалдык
жардам берүү бекитүү жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Катыраңкы айылынын тургуну Асанова Жылдыздын арызын карап жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Катыраңкы айылынын тургуну Асанова Жылдыздын жолдошу кургак учук оорусу менен ооруйт, 9 баласы бар, үйүнүн чатырынан суу өтөт, үйүнүн ичинде жаракалар бар, полу жок, үй-бүлөлүк шарты оор болгондугуна байланыштуу айылдык кеңештин депутаттарынын чечиминин негизинде 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго жүктөлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине
жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |