ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы №165
«Терек-Сай айыл аймагына караштуу Келечек мектепке чейинки билим берүү уюуму мекемесинин имаратынын ички бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек мектепке чейинки билим берүү
уюуму” мекемесинин имаратынын ички бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн 2026-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) грантка даярдалган долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын карап берүү жөнүндөгү каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т. Суванованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап , Терек- Сай айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Келечек мектепке чейинки билим берүү уюуму” мекемесинин имаратынын ички бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн 2026-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) грантка даярдалган долбоорго өздүк салым үчүн пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен 12 635 519 ( он эки миллион алты жүз отуз беш мин беш жүз он тогуз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |