Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
VI сессиясынын
2025-жылдын 8-августундагы №5
Таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат
акысынын наркын бекитүү жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Кыз-Көл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Супатаевдин сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу баардык айылдардагы таштандыларды чыгарууда ар бир кожолука айына кызмат акысын 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө наркы бекитилсин.
2.Аталган токтом боюнча жарандарга маалымат берүү жана келишимдерди түзүү жагы “Кыз-Көл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Супатаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын
убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |