ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы №166
« Терек-Сай айыл аймагына караштуу Жылдызча мектепке чейинки билим берүү уюуму мекемесинин имаратынын ички жана сырткы бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Жылдызча мектепке чейинки билим берүү уюуму” мекемесинин имаратынын ички жана сырткы бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн 2026-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) грантка даярдалган долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын карап берүү жөнүндөгү каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек- Сай айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Жылдызча мектепке чейинки билим берүү уюуму” мекемесинин имаратынын ички жана сырткы бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн 2026-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) грантка даярдалган долбоорго өздүк салым үчүн пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджеттен 22 468 659 ( жыйырма эки миллион төрт жүз алтымыш сегиз мин алты жүз элүү тогуз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |