КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
VI сессиясынын
2025-жылдын 8-августундагы №6
Каду айылынан чыккан таза суунун
наркын бекитүү жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Кыз-Көл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Супатаевдин сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Каду, Ак-Тоок, Кыз-Көл айылдарына чыгарылган таза суунун метр кубу 25 сом өлчөмүндө наркы бекитилсин.
2.Аталган токтом боюнча жарандарга маалымат берүү жана келишимдерди түзүү жагы “Кыз-Көл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Супатаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине
жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын
убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |