Редакцияот 26.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

 

  2025-жылдын 26-ноябрындагы №167

 

«Кыргыз Улуттук филармониясында өтүүчү Сармерден иш-чарасына катышуучуларга, командалардын бири-бирине берилүүчү белектерине жана этно-фуршет уюштурууга каражат карап берүү жөнүндө »

 

          Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Кыргыз Улуттук филармониясында өтүүчү “Кыз-жигит оюуну Сармерден” иш-чарасына катышууларга, командалардын бири-бирине берилүүчү белектерине жана “Чаткал даамдары” этно-фуршет уюштурууга каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X-чакырылышынын  кезексиз   XVIII сессиясы 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Улуттук филармониясында өтүүчү “Кыз-жигит оюуну Сармерден” иш-чарасына катышууларга, командалардын бири-бирине берилүүчү белектерине жана “Чаткал даамдары” этно-фуршет уюштурууга 144 500 (бир жүз кырк төрт мин беш жүз) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн

каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы

Т.Сувановага милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Терек – Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

               Абибакир у. Ж.