ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы №168
«А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебине керектүү инвентарь жана башка буюмдарды алып берүүгө каражат карап берүү жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы №18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин ачылуу аземине карата керектүү инвентарь жана башка буюмдарды алып берүүгө каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап,Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы №18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин ачылуу аземине карата керектүү инвентарь жана башка буюмдарды алып берүү үчүн 231 000 ( эки жүз отуз бир мин) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |