Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын X сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы № 10/59
Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Бюджет кодексине ылайык, айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча, Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп чыгып, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2025-жылдын Жергиликтүү бюджетинен 14511400 “Жергиликтүү маанидеги инфрастураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр” киреше салыгынан пландан ашыкча аткарылгандыгы боюнча 568,6 (беш жүз алтымыш сегиз миң алты жүз) сом акча каражатын 70629 “Башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” беренесинин 3111 “Имараттар жана курулущтар” бөлүмүнүн чыгаша бөлүгүнө отургузуп берүү.
- «Ак-Суу айыл аймагындагы балдар аянтчасынын » долбоорунун өздүк салымы үчүн жетпей калган сумманы, 70111 «Башкаруу аппарат» бөлүмүнөн 2221 «Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» беренесинде жайгашкан 264,0 (эки жүз алтымыш төрт миң) сомдун 70629 «Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмүнөн 3111 «Имараттар жана курулуштар» беренесине 264,0 (эки жүз алтымыш төрт миң) сом каражатын чыгаша бөлүгүнө олтургузууну.
- ХЕЛЬВЕТАС Швейцариялык Интеркооперейшн Ассоциациясы “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун дараметти жогорулаттуу грантынын алкагында Ак-Суу айыл өкмөтү менен түзүлгөн алкактык макулдашуунун негизинде которулган акча каражатынан үнөмдөлүп калган гранттык каражатты төмөндөгү беренелерге негиз отургузууну. Айыл өкмөтүнүн 70111 “Башкаруу аппарат “ бөлүмүнүн атайын каражаттар беренесинен чыгыша бөлүгүнөн 2215”Ар кандай кызмат көрсөтүү” бөлүмүндө жайгашкан 30 000( отуз миң) сомун 70111 “Башкаруу аппаратынын атайын каражаттар бөлүмүнүн 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесинин чыгаша бөлүгүнө отургузууну. 70111 “Башкаруу аппаратынын” атайын каражаттар бөлүмүнөн 2218”Тамак аш азыктарын алуу” беренесинде жайгашкан 15 100 (он беш миң) сом акча каражатын чыгарып, 70111 атайын каражаттар бөлүмүнүн 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесинин чыгаша бөлүгүнө отургузууну. “ХЕЛЬВЕТАС Швейцариялык Интеркооперейшн Ассоциациясынын долбоорунун алкагында Ак-Суу айыл ичиндеги айылдарга конкурс үчүн коюлган акча каражатына айыл өкмөтүнүн 70111 “Башкаруу аппарат” бөлүмүнүн 2222 “ Мүлктү учурдагы чарбалык максаттар “ бөлүмүндөгү 13 500 (он үч миң беш жүз) сомдун 70111 “Атайын каражат” бөлүмүнүн 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесинин чыгаша бөлүгүнө отургузуу.
Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу №21 “Таң-Шоола” м.ч.б.б уюмунун имаратына от казаны жараксыз болуп калганына байланыштуу , 2025-жылдын бюджетинен өткөрүлгөн тооруктардан үнөмдөлүп калган акча каражатынан 70111 “Башкаруу аппарат” бөлүмүнүн 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар”беренесинин чыгаша бөлүгүнөн 200,0 (эки жүз миң ) сом акча каражатын чыгарып, 70911” Мектепке чейинки билим берүү мекемелерини чыгымдарынын” 2221 “ Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” беренесинин чыгаша бөлүгүнө отургузуу.
Коргон-Дөбө айылында жайгашкан жаңы ишке кирүү алдында турган К.Шеркулов м.ч.б.б уюмуна керектелүүчү каражаттарды карап берүү сунушу менен, 70111 “Башкаруу аппарат” бөлүмүнүн 2222” Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесинде жайгашкан акча каражатынан 130,0 (жүз отуз миң) сом акча каражатын сарптоого карап берүү боюнча.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган мекеме иш каналарды, соц. обьектилерди жана оор техникаларын камсыздандыруу үчүн 70926 “Имараттар жана курулуштар” бөлүмүнүн 2215 “Ар кандай кызмат көрсөтүүлөр” беренесинде жайгашкан акча каражатынан 100,0 (жүз миң) сомун карап берүү боюнча.
Тɵрага М. Шаршеналы