Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2026-жылдын 9-февралы № 110
“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-14-беренесине ылайык, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын, Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Жумабай уулунун маалыматын угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын отурумунун №14 протоколунун чечиминин 3-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айылынын батыш тарабындагы Өзгөчө кырдаалдар боюнча ишканасынын түштүк тарабында жайгашкан 0,70 га жерди мал базар жана мал союлуучу жай куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |