Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
VI сессиясынын
2025-жылдын 8-августундагы №7
Сары-Булак айылынын тургуну
Карамурзаева Жумакызга материалдык
жардам берүү бекитүү жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылынын тургуну Карамурзаева Жумакыздын арызын карап жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Булак айылынын тургуну Карамурзаева Жумакыз 1-топтогу майып, жолдошу 2-топтогу майып, 2 баласы мүмкүнчүлугу чектелген, үй-бүлөлүк шарты оор болгондугуна байланыштуу айылдык кеңештин депутаттарынын чечиминин негизинде үйүнүн ичине жуунучу жай куруу үчүн 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго жүктөлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине
жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |