ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы №169
«Чаткал районунун 90 жылдык мааракесинин өткөрүлүшүнө жана А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебининин ачылышына карата ЛЕД экран алууга каражат карап берүү жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Чаткал районунун 90 жылдык мааракесинин өткөрүлүшүнө жана А.Чымканаев атындагы №18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин ачылышына карата маалымат таркатуу максатында борбордук көчөнүн көрүнүктү жерине орнотуу үчүн ЛЕД экран алууга каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Чаткал районунун 90 жылдык мааракесинин өткөрүлүшүнө жана А.Чымканаев атындагы №18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин ачылышына карата маалымат таркатуу максатында борбордук көчөнүн көрүнүктүү жерине орнотуу үчүн ЛЕД экран алууга 1000 000 ( бир миллион) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |