Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
VI сессиясынын
2025-жылдын 8-августундагы №8
Кыз-Көл айыл өкмөтүнө
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык
акционердик коому аркылуу кызматтык
унаа алууга макулдук беррүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 1-августундагы чыгыш №01-13/696 сандуу катын, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун 2025-жылдын 30-июлундагы чыгыш №1-08-2/210 сандуу каттынын негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы С.Абдурасуловдун сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Абдурасулов Садырбектин берген маалыматы эске алынсын.
2.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө лизингте кызматтык унааны “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу алууга макулдук берилсин.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине
жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын камсыздо жана көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |