Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы №172
«“Терек-Сай” муниципалдык ишканага окуучуларды ташыганга Спринтер автоунаасын алып берүүгө каражат карап берүү жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун “Терек-Сай” муниципалдык ишканасында окуучуларды ташыган Спринтер автоунаасы эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу, жаны Спринтер автоунаасын алып берүү үчүн каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1“Терек-Сай” муниципалдык ишкасында окуучуларды ташыган Спринтер автоунаасы эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу, жаны Спринтер автоунаасын алып берүү үчүн 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |