Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2026-жылдын 27-марты № 115
“Кулунду айыл аймагынын Максат айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кулунду айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, мандат, укук, жаштар иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Батабековдун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясынын отурумунун №15 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагындагы Максат айылынын экинчи көчөсү Достук көчөсүнө Абдурахимов Шайбек Набиевичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, мандат, укук, жаштар иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |