Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы №173
«Терек-Сай айыл аймагына караштуу кээ бир жер тилкелерин “Калктуу конуш” категориясына которуу жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу кээ бир жер тилкелерин, тактап айтканда Кашка-Суу
участкасынан 32,78 га, анын ичинен бадалдуу таш жайыт 3,11 га, таштуу жайыт 24,79га, жайыт бадалдуу токой 4,88 га жер тилкелерин “Бадалдуу, таштуу жайыт, бадалдуу токой”категориясынан “Сугат айдоо” категориясына, Шекафтар айылынан 12 га, анын ичинен жайыт 12 га жана Мончок-Дөбө айылынан 38 га жайыт, кайракы айдоо, чопо жайынды, таштак жер категориясынан “Калктуу конуш” категориясына которуу зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай айыл аймагына караштуу кээ бир жер тилкелерин, тактап айтканда Кашка-Суу участкасынан 32,78 га, анын ичинен бадалдуу таш жайыт 3,11 га, таштуу жайыт 24,79 га, жайыт бадалдуу токой 4,88 га жер тилкелерин “Бадалдуу, таштуу жайыт, бадалдуу токой”категориясынан “Сугат айдоо” категориясына, Шекафтар айылынан 12 га, анын ичинен жайыт 12 га жана Мончок-Дөбө айылынан 38 га жайыт, кайракы айдоо, чопо жайынды, таштак жер категориясынан “Калктуу конуш” категориясына которуу жумуштарын Жер Кодексинин 21-беренесинин 2-пунктунун 4- абзацына ылайык жүргүзүү Терек-Сай айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр жай, жер жана агрардык маселелер,айыл чарбасы, курулуш, муниципалдык менчик, жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |